Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык буйрукка кол койду, анда Кубатбеков Чингыз Курманбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду. Өкмөт башчынын башка буйругу менен бул орунга Кокочаров Урматбек Курманбекович дайындалды.
Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары алмашты
29/03/17 14:12 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий