• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Арслан Байсопуев Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Арслан Байсопуев радиолордун бирине берген маек берип, аталган борбордун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, аталган борбор тарабынан жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу жаатында бир катар жумуштар жасалып, мамлекеттер ортосунда бир катар келишимдер түзүлгөн.

"Жарандарга чет өлкөгө чыгууга, же болбосо коопсуз миграцияны камсыз кылуу жаатында маалыматтарды камсыз кылып берүү, чет өлкөгө чыгууда атайын көмөк көрсөтүү биздин борбордун эң негизги ишмердүүлүгү болуп саналат. Бүгүнкү күндө биздин борбор миграция жаатында 30 миңден ашуун жаранга жардам көрсөтө алды. Ал эми биздин расмий сайт аркылуу 500 миңге жакын жараныбыз маалымат ала алышты. Ошондой эле биз бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагындагы мыйзамдуу негизде иш алып барган жеке менчик агенттиктерге дагы уруксат кагаздарын беребиз. Учурда 180ден ашуун жеке агенттик иш алып барууда. Албетте, бул агенттиктердин ишмердүүлүгү биздин көзөмөлдө болот", - деди ал.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, жарандарыбыздын чет мамлекет тууралуу маалыматы жок болгондуктан бир катар алдамчы чет өлкөлүк агенттиктерге алданып акчасын берип койгон учурлары да кездешет.

"Ошондуктан биз чет өлкөлүк агенттиктер менен дагы келишим түзүп келебиз. Бул жаатта Корея менен меморондум түзүлгөн. Барып иштөөнү каалаган жарандарга тийиштүү маалыматтар берилүүдө жана 300 жаран барып иштөө мүмкүнчүлүгүн алды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий