Арстанбаев Япония ТИМнин парламенттик орун басары Таро Хонда менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. «Оотомэ аңгемелер көргөзмөсүнө» бирге катышуунун алкагында Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаевдин Япониянын Тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Таро Хонда менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушунун жүрүшүндө кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышуу болуп, кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча пландар белгиленди.

«Оотомэ аңгемелер көргөзмөсү» Япония менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулуп, Япониянын манга сүрөтчүсү Каору Мори айымдын чыгармачылыгына арналган. Ал «Жаш келиндин окуясы», «Эмма» жана «Ширли» деген манга сериясынын жазуучусу катары белгилүү.

Көргөзмөдө ошондой эле Каору Моринин Борбордук Азиянын каада-салттары тууралуу оригиналдуу сүрөттөрү көрсөтүлүп, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн салттуу жана маданий буюмдары коюлган.

Иш-чара 2022-жылдын 21-мартына чейин уланат.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 12-13-мартында көргөзмөнүн алкагында кыргыз балынын жана жергиликтүү усталардын кол өнөрчүлүгүнүн жарманкеси болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий