• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Арстанбап-Ата айылынын борбордук бөлүгүн иретке келтирүү тапшырмасы берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагына барып, айылдын борбордук бөлүгүн иретке келтирүү бюнча жергиликтүү бийлик жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы Арстанбап-Ата айыл аймагы белгилүү турсттик жайлардын бири экенин айтып, анын борбордук бөлүгүн архитектуралык талаптарга ылайык келтирүү зарылдыгын эскертти.

Өкүл ушул жылдын июль айында болгон селдин кесепеттерин жөнгө салуу жумуштары менен таанышып, айылдагы базар, чачкынды соода жайларын иретке келтирүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды койду. Мындагы аракеттерде коопсуздук чаралары башкы орунда экенин айтып, туристтик аймакты өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго колдоо көрсөтөөрүн айтты.

Ыйгарым укуктук өкүл Арстанбап-Ата күмбөзүн көрүп чыгып, тарыхый имаратты реставрациялоо, айлана-чөйрөсүндө турсттер үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу жумушун колго алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий