• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Артур Поляков MINEX форумунун төрагасы, негиздөөчүсү: Кумтөр биздин абдан таасирлентти

Экономика 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Бишкекте "MINEX Central Asia – 2024" форуму өтүп, андан соң айрым делегаттар "Кумтөр Голд Компани" ишканасында болушту. Бул тууралуу "Кумтөр" компаниясынан билдиришти.

"Кумтөр кен жайына алгачкы ирет бардык. Алган таасирлерибиз абдан сонун. 2018-жылы Бишкекте биринчи жолу ушундай форум өткөндө кен жайга бара албай калганбыз. Быйыл бактыга жараша, Кумтөр кен жайын өз көзүбүз менен көрүп келдик.

Биринчиден, "Кумтөр Голд Компанин" командасынын жогорку профессионалдуулугун баса белгилегим келет. Ишке абдан кылдат, тыкыр мамиле кылышат экен. Муну медициналык текшерүүдөн өтүп жатканда байкадык. Кумтөрдү көргүсү келген бир нече делегатыбыз ден соолугуна байланыштуу медициналык кароодон өтпөй калды. Коопсуздук маселелерине өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылганыңар жакты.

Андан дагы бизди өндүрүштүн масштабы, колдонулуп жаткан алдыңкы технологиялар, заманбап жабдуулар таң калтырды. Ачык, карьердик жол менен алтын казуудан тышкары, кендин иштөө мөөнөтүн узарта турган жер астынан алтын казууга жасалып жаткан даярдыктар, жалпы эле иштин жүрүшү зор кызыгууну жаратты.

Жалпысынан алганда, форумдун эң активдүү катышуучусу "Кумтөр Голд Компани" болду. Дүйнөнүн 7 өлкөсүнөн келген тоо-кен компанияларынын өкүлдөрүнө Кумтөр кен жайына жасалган сапар абдан жакты. Бардыгы жогорку деңгээлде уюштурулуптур", - деди MINEX форумунун төрагасы, негиздөөчүсү Артур Поляков.

Маалымат үчүн: Эл аралык «MINEX Central Asia 2024» тоо-кен-геологиялык форуму жыл сайын Борбор Азия республикаларынын биринде өткөрүлөт жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы аймактар ​​аралык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого, инвестицияларды жана жаңы заманбап технологияларды тартууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий