• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Артыкбаев: Эне менен баланын саламаттыгы - башкы маселе

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилеринин форумунун төрагасы Кейзо Такэми баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда саламаттыкты сактоо, анын ичинде эне жана баланын ден-соолугуна кам көрүү жагдайлары тууралуу сөз болду. Ошондой эле тараптар бойдон алдыруу көйгөйлөрү боюнча да пикир алмашып, аталган көрүнүштү азайтуу маселелери жөнүндө ой бөлүштү.

Депутат Осмонбек Артыкбаев эне менен баланын саламаттыгы башкы маселе экендигин билдирип, бул жаатта Кыргызстан эл аралык уюмдар менен кызматташууга кызыкдарлыгын кошумчалады. Андан тышкары, депутаттар калктын саламаттыгы жалгыз эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин маселеси эмес, жалпы Өкмөттүк мекемелердин биргелешип иш алып баруусун талап кылган көйгөй экендигин белгилешти. Алсак, депутат Альфия Самигуллина саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын төмөн болгондугунан улам, эл аралык донорлорго муктаждык жогору экендигине токтолуп: "Бойдон алдыруу жана жаш балдар менен энелердин өлүмүн азайтуу сыяктуу калктын саламаттыгына тиешелүү көйгөлөрдү азайтуу үчүн каржылык жардамдарды көбөйтүү шарт. Ошондой эле, ооруларды алдын алуучу программаларды да колдоого алуу керек", - деди.

Өз кезегинде Жапония парламентинин мүчөсү, Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилеринин форумунун төрагасы Кейзо Такэми саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр Кыргызстанды гана камтыбасын белгилеп: "Бул үчүн эл аралык коомчулук менен биргелешип иш алып баруу зарыл. Өзгөчө, бойдон алдыруу жана эне менен баланын өлүмүнө каршы күрөшүүдө комплекстүү иш алып баруу натыйжалуу",- деп кошумчалады.

Ошондой эле, жолугушууда калкты жайгаштырууну өнүктүрүү милдеттерин ишке ашыруудагы парламентчилердин ролу тууралуу сөз жүрүп, өкмөттүк органдардын өкүлдөрүнүн эл аралык уюмдар жана бейөкмөт бирикмелер менен сектор аралык кызматташтыгына басым жасоо керектиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий