• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Артыкбаев Швециянын элчисин дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Баку шаарындагы резиденциясы менен Швеция Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Кристиан Камиллди дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айбек Артыкбаев элчиге жигердүү ишмердүүлүгү жана Кыргызстан менен Швециянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө дипломаттар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелери жана эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашты.

Айбек Артыкбаев Швеция элчисине дипломатиялык ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий