• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

«Арзан турак жай» программасы бардык жарандарга жеткиликтүү – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. «Арзан турак жай» программасынын алкагында төрт жарым миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сүйлөп жатып маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, аларга 5 млрд сомдук ипотекалык кредит берилди.

«Сиздер билгендей, мамлекеттик ипотека 2016-жылы 14 пайыздык ставка менен бериле баштаган. Кийинчирээк 8-10 пайызга, ал эми былтыр 6 пайызга чейин төмөндөдү. Эми бюджет тармагында иштеген жарандарыбыз гана эмес, ким турак жайга муктаж болсо, мамлекеттик ипотека алууга кайрыла алат», - деди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий