• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Асеин Исаев Беларусь элчисинен ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Беларустун Кыргызстандагы жаңыдан дайындалган элчиси Сергей Молуновдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты арттыруунун артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алышты. Эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык уюмдардын алкагында да бардык багыттар боюнча кыргыз-беларус кызматташтыгынын жогорку деңгээли белгиленди.

Тараптар достуктун жана өз ара колдоонун духундагы ар тараптуу кыргыз-беларус байланыштарын тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерине ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий