• 87
  • 90.55
  • 0.84

Асеин Исаев БУУ-Аялдар түзүмүнүн жаңы дайындалган башчысын кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кыргызстандагы БУУ-Аялдар түзүмүнүн жаңы дайындалган башчысы Садык Ахамад Жилани Сайедди жана Улзийсурен Жамсранды миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Ведомстводон маадымдашкандай, Исаев Улзийсурен Жамсранга БУУ-Аялдар түзүмүнүн башчысы катары аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын жетекчилиги астында БУУ-Аялдар кеңсеси Кыргызстандагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган улуттук программаларды ишке ашырууга олуттуу салым кошконун белгиледи.

Ошону менен бирге Министрдин биринчи орун басары Садык Сайедди Кыргызстандагы БУУ-Аялдар түзүмүнүн башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Ошону менен бирге БУУ-Аялдар түзүмү өлкөдө гендердик саясатты ишке ашыруу жана алдыга жылдыруу боюнча негизги өнөктөштөрдүн бири экендигин белгилеп, кызматташтыктын багыттарын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Исаев Садык А.Сайедге мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артып, У.Жамсранга жаңы кызматына ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий