• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Асеин Исаев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун кеңсе жетекчисинин орун басары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) кеңсесинин жетекчисинин орун басары Динара Рахманова менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ФАОнун ортосундагы айыл чарбаны өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерин талкуулашты.

Министрдин биринчи орун басары А.Исаев мамлекеттик органдардын ФАО менен мал чарбачылыгы, азык-түлүк коопсуздугу, тамактануу, токой чарбасы, балык чарбасы, айыл чарба жерлерин калыбына келтирүү, органикалык айыл чарбаны жана өсүмдүк өстүрүүнү илгерилетүү сыяктуу чөйрөлөрдөгү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүүсүн белгиледи.

ФАОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Д.Рахманова жогоруда аталган багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз оюн билдирди.

Рахманова ошондой эле Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен Бириккен Улуттар Уюмунун 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүктүрүү боюнча алкактык кызматташуу программасын, атап айтканда, айлана-чөйрөнү коргоо, азык-түлүк коопсуздугу, "жашыл" экономиканын принциптерин ишке киргизүү маселелерин ишке ашыруу боюнча улуттук консультациялар башталгандыгы тууралуу маалымдады.

Тараптар ошондой эле ФАОнун кеңсесинин Кыргызстандагы иштөө шарттарын оптималдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгүнүн укуктук маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий