• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Асеин Исаев БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча өкүлү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Ашита Миттал менен анын миссиясы аякташына байланыштуу жолугушту.

Ашита Миттал Кыргызстандын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, анын ичинде жаңы технологияларды колдонуу, республиканын пенитенциардык тутумун олуттуу өнүктүрүү, атап айтканда, түрмөлөрдү эсепке алуу жол-жоболорун жана кайтаруу тутумун санариптештирүү, ошондой эле Сирия менен Ирактан келген аялдар менен балдарды репатриациялоо, аларды кийинки реабилитациялоо жана реинтеграциялоо жаатындагы ийгиликтерин белгиледи.

Ашита Миттал Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан баңги кылмыштуулугуна каршы күрөшүү үчүн көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, республиканын жаңы технологияларды колдонуудагы ийгиликтүү тажрыйбасына, тактап айтканда баңгизаттарын камтыган өсүмдүктөрдү ташууну жана өстүрүүнү мониторингдөө үчүн БПЛА киргизүүсү тууралуу кеңири токтолду. Бул тажрыйба Борбордук Азияда алдыңкы болуп саналат, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери үчүн кызыгууну жараткан, ага Вена шаарында Баңги каражаттары боюнча БУУнун комиссиясынын ишинин алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чараларга өлкөлөрдүн катышуусу далил.

Ошондой эле Ашита Миттал сот адилеттиги жана пробация маселелери боюнча JUST4ALL долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышын жана ал 2025-жылы II фазага узартылаарын белгиледи.

Исаев өз кезегинде Ашита Митталга БУУ БКБнын аймактагы, тактап айтканда Кыргызстандагы иши боюнча жемиштүү ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал БУУ БКБнын Бишкек шаарында пробация маселелери боюнча Эл аралык форум өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул иш-чара региондогу өлкөлөрдүн пробация кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөт жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарын согуштук зоналарынан мекенине кайтаруу жана аларды өз өлкөлөрүнүн коомчулугуна андан ары реинтеграциялоо контекстинде маанилүү болуп саналат.

Министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев өлкөнүн жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү максатында БУУ БКБ менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экендигин билдирип, Ашита Митталга БУУ тутумундагы ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий