• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Асеин Исаев Сеулда "Борбор Азия – Корея" кызматташтык форумуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жетектеген Кыргызстандын делегациясы Сеул шаарында "Борбор Азия-Корея Республикасы" кызматташтык форумунун 17-жыйынына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, форумдун алкагында климаттын өзгөрүшү, минералдык ресурстарды жеткирүү тизмеги, санариптештирүү жана туризм чөйрөлөрүндө төрт тематикалык сессия өтүп, Кыргызстан гибриддик форматта катышты.

Өз сөзүндө кыргыз делегациясынын башчысы Кореянын Кыргызстан жана башка Борбор Азия мамлекеттери менен энергоресурстарды, металлдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин жеткирүү чынжырын бекемдөөгө, транспорттук-логистикалык маршруттарды өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугуна кызыкдар болгон жогорку технологиялуу өлкө катары өзгөчө ролун баса белгиледи.

Отурумдун катышуучулары учурдагы күн тартиби боюнча пикир алмашышты жана келерки жылы Мамлекет башчыларынын деңгээлинде форматтын биринчи саммитин өткөрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир пикирге келишти.

Форумдун жыйынтыгы боюнча делегация башчылары Форумдун Катчылыгынын 2025-жылга карата биргелешкен билдирүүсүн жана жумушчу планын кабыл алышты, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Корея Республикасынын маданий мурастарынын көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Кореянын президенти Юн Сок Ёль Борбор Азия өлкөлөрүнүн делегация башчыларын кабыл алды.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев кыргыз тараптын күн тартибиндеги эки тараптуу жана көп тараптуу актуалдуу маселелер боюнча предметтик диалогго даярдыгын ырастады, ошондой эле жолугушуунун катышуучуларын КР президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жөнүндө кыскача тааныштырды.

Өз кезегинде президент Юн Сок Ёль Түштүк Кореянын жаңы "K-Silk Road " демилгесине ылайык Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоого Корея Республикасынын кызыкдар экендигин белгилеп, өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, буга байланыштуу КР президентине салам сөздөрүн коштоду.

Пикир

Оставить комментарий