• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Асел Чынбаева: Балдардын үнү угулуп, эске алынышы үчүн шарттарды түзүшүбүз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин жыйынтыктоочу сунуштарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун жыйынтыктоо боюнча жумушчу консультациялык кеңешме өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, иш-чара ЮНИСЕФтин колдоосу менен КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом уюмдарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты. Негизги максат – Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоого комплекстүү мамилени камсыз кылуу жана БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин сунуштарын ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу.

"Биз балдардын өнүгүүсү үчүн алардын үнү угулган жана эске алынган коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүшүбүз керек", - деп баса белгиледи КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Кыргызстандын БУУнун Балдардын укуктары боюнча конвенциясына кошулганына 30 жыл толот. Жыйындын катышуучулары бул датанын маанилүүлүгүн белгилешип, БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин сунуштарын ишке ашыруу балдардын укуктарын коргоонун улуттук механизмдерин чыңдоодогу негизги кадам экенин баса белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин рекомендацияларынын негизги аспектилерин талкуулашты, анын ичинде балдардын укуктарын коргоону күчөтүү, билим берүү жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле мониторинг жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү жана балдардын укуктарын ишке ашырууга баа берүү.

Белгилей кетсек, Планды даярдоодо мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, эксперттердин гана эмес, балдардын өздөрүнүн да пикири эске алынган.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда баланын эң жогорку кызыкчылыктарын эске алуу менен маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын жана инструменттерин белгилеген Иш-чаралар планынын долбоору иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий