Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Режиссер Асел Жураеванын "Теңирберди" тасмасы учурда Ирандын Тегеран шаарында өтүп жаткан Фажр 41-эл аралык кинофестивалына катышып жатат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын жүрүшүндө дүйнөнүн төрт бурчунан келген режиссерлордун тасмалары көрсөтүлүүдө. Кыргызстандан аталган тасманын оператору Караш Жанышов барган.
Белгилей кетсек, тасма Т.Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын техникалык колдоосу менен тартылган.
Пикир
Оставить комментарий