• 86.2
  • 91.64
  • 0.89

Ашхабад аэропортунда жүргүнчүлөр иттер менен текшерилүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.17 /Кабар/. Азиаданын алдында Ашхабаддын аэропортунда кошумча коопсуздук чаралары киргизилди.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, акыркы күндөрү жүргүнчүлөр чек ара жана миграция кызматтарынын документ текшерүүсүнөн тышкары иттер менен да текшериле баштады.

Күн мурун Түркмөнстан өкмөтү аскер кызматкерлери менен укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштей баштаганын, чек аралар жабылып, виза тартиптерине чектөөлөр киргизилип, бажы көзөмөлү күчөтүлгөнүн билдирген. Бул чаралардын Азия оюндары аяктай турган 27-сентябрга чейин уланары кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий