• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Ашхабад шаарында КМШ лидерлеринин жыйыны башталды

Саясат 0

Ашхабад, 11.10.19. /Кабар/. Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйыны башталды.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов КМШ лидерлерине жылуу саламын жолдоду.

Катышуучулар тар курамда сүйлөшүп жатышат.

Белгилей кетсек, бүгүн мамлекет башчысы саммитке катышу үчүн Түркмөнстанга учуп келди.

Тар курамдагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин кеңири форматтагы жолугушуу башталат.

КМШ МБК кезектеги жыйынында Шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат.

Жыйындын аягында бир катар документтерге кол коюлат.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Ашхабадка болгон визиттин алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий