• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ашхабадда ойчул Мактымкулу Фрагинин кыргыз тилиндеги жыйнагынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Ашхабадда улуу түркмөн акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин кыргыз тилиндеги "Таңдалмалар" аттуу чыгармалар жыйнагынын бет ачар аземи өттү.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги жана министрликтин Эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери, өлкөдө аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, акын-жазуучулар, журналисттер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери жана башкалар катышты.

Иш-чарада Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров сөз сүйлөп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, академик Абдылдажан Акматалиев, КР Эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков жана КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор З.Курманов видео кайрылуу жасашты.

Иш-чаранын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданий мурастарынын көргөзмөсү уюштурулуп, анда басма материалдар, улуттук көркөм сүрөт жана декоративдик искусствонун эмгектери, ошондой эле музей экспонаттары коюлган.

Пикир

Оставить комментарий