• 87
  • 91.29
  • 0.84

Аскар Маратов: “Мейкин” сыйлыгы мен үчүн чоң сыймык жана стимул болду

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. “Мейкин” сыйлыгы мен үчүн чоң сыймык жана стимул болду, - деди президенттин медиа жана журналистика жаатындагы "Мейкин" сыйлыгынын "Керемет Кыргызстан" номинациясы боюнча жеңүүчүсү, ЭлТР телеканалынын кызматкери Аскар Маратов сыйлык тапшыруу аземинде.

“Биз “Мейкин” сыйлыгынын “Керемет Кыргызстан” деген номинациясына катышканбыз. Бирок биз сынак тууралуу айтылганга чейин эле “ЭЛТРИП” деген программаны тартып, 14 көрсөтүү чыгарганбыз. Көрсөтүүнүн ар бири кызыктуу жана оор болуп жатты. Кээде өзүбүздүн өмүрүбүздү тобокелге салган күндөрүбүз да болду. Көрсөтүүнүн сапаттуу чыгышы үчүн алып баруучунун 60 метр аралыка секирген учурлары дагы кездешти. Менин болсо 200 чакырым ылдамдыкта жүрүп бараткан мотоциклдин үстүндө туруп тарткан күндөрүм болду. Мына эми ак мээнетибиздин үзүрүн көрүп жатабыз десем болот", - деп кубанычы менен бөлүштү Маратов.

ЭлТРдин кызматкери сыйлык аларын күтпөгөндүнүн белгиледи.

"Мен “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземин чагылдырмак элем. Бирок бир күн калганда, сизге сыйлык тапшырылат келип бериңиз деп чалышты. Ошол мүнөттөн тарта аябай толкунданып жүрөм. Президент Садыр Жапаровго ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бул сыйлык бизге, алдыдагы ишибизге чоң стимул болду. Биз командабыз менен дагы мындан да жакшы көрсөтүүлөрдү даярдайбыз деп ишенем”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий