• 87
  • 90.41
  • 0.84

Аскаров: 2019-жыл аймактар үчүн маанилүү жана натыйжалуу жыл болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2018-жылы аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2019-жылга карата милдеттер боюнча өткөрүлгөн коллегиялык жыйынына катышты.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасындагы 2018-жылы ишке ашырыла баштаган артыкчылыктарга токтолду.

«2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык ИДП көлөмү 557,1 млрд сомду түзүп, экономиканын чыныгы өсүүсү 3,5% болгон. Ошону менен бирге өткөн жылы бир катар келечектүү долбоорлордун үстүндө иштөө жана аларды ишке ашыруу башталды. Мисалы, «Түндүк» электрондук тутуму киргизилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы толук кандуу иштеп баштады. Өлкөнү санариптештирүү ар бир жарандын кызыкчылыгында уланууда. Мындан тышкары мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо, экономиканы фискалдаштыруу боюнча чаралар күчтөндүрүлдү», - деди ал.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, аймактарда дотация деңгээли кыскартылууга тийиш.

«Талас облусунда дотация деңгээли 33,2% түзөт. 37 айыл өкмөтүнүн 33 дотациялык болуп саналат. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү дотациянын деңгээлин азайтуу боюнча тутумдуу иштерди жүргүзүүгө тийиш. Бул өңүттөн алганда аймакка инвестицияларды тартуу зор мааниге ээ. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик органдары чет элдик инвесторлор менен контруктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруулары кажет. Биз инвесторлор жергиликтүү калк үчүн жаңы ишканаларды жана жумуш орундарын түзүп, аны менен катар жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүп жатканын эстен чыгарбоого тийишпиз», - деди ал.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өзгөчө белгилегендей, 2019-жыл аймактар үчүн маанилүү жана натыйжалуу жыл болушу керек. Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун

«2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо» жөнүндө Жарлыгынын алкагында региондорду өнүктүрүү улантылмакчы.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин, ишканаларынын жетекчилерине жана кызматкерлерине Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча өкмөттүк сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий