• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аскаров: Бардык стратегиялар бүгүнкү күндөн башталат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров бүгүн, 28-июнда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн «Жаңы Кыргызстан - 2018» эл аралык инвеситициялык форумунун ишине катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр форумдун уюштуруучуларына "республиканын келечегине" сереп салуу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей: «Бардык стратегиялар бүгүнкү күндөн башталат. Өнүгүү жолдору ар кыл жана кенен. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков кечээ Жогорку Кеңештеги кайрылуу сөзүндө өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн маанилүү багыттарын белгиледи. Мен сиздерге бүгүн пикир алышууну президенттин кебинин негизинде жүргүзүүнү сунуштайт элем. Атап айтканда, кеп өлкөнү санариптик маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, заманбап инновациялык ыкмаларды пайдалануу менен, өндүрүштү модернизациялоо, ак ниет башкаруу, ачыктык жана айкындык аркылуу өнүктүрүү тууралуу жүргөн».

Замирбек Аскаров белгилегендей, бийликтин аткаруу бутагы «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасына шайкеш келген алдыңкы идеялар үчүн ачык жана иштешүүгө даяр.

«Бүгүнкү күндө биз өлкөнү санариптештирүү жолун тандап алдык. Бул жакынкы келечек үчүн маанилүү принцип болуп саналат жана Өкмөттүн бардык чечимдерине киргизилет. Биз дүйнөлүк рынокко интеграциялашууда бизнеске чоң үмүтбүздү артабыз жана өзүбүз тараптан биздин компанияларыбыз өнөктөштөрү менен биргеликте ийгиликке жетишүүсүнө мүмкүндүк берүүчү атаандаштык укукту камсыздоого даярбыз», - деди ал.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасы калкынын саны миллиарддан ашуун саналган ондогон тоолуу мамлекеттердин катарына кире тургандыгына жана Борбор Азиянын «суу мунарасы» болуп саналарына басым жасады. Кыргыз Республикасы Евразиялык континенттин чок ортосунда жайгашкан. Жана маалыматтык-комуникациялык технологиялардын эсептөө кубаттуулуктарына карай өсүп жаткан муктаждыгын энергия менен камсыздоого даяр.

«Өлкө суу агымынан төмөн жайгашкан өлкөлөр таза суу жана аба менен камсыздалышы үчүн жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча жоопкерчиликтүү тандоого ыктады. Учурда Борбор Азиянын гидромүмкүнчүлүгүнүн 60% ээ болгон өлкөбүздүн потенциалын натыйжалуу пайдаланууга басым жасалууда. Бул бизнес үчүн энергияны пайдаланууга, жогорку технологиялуу жабдууларды киргизүүгө карай белги болуп саналат. Учурда биз туура чечим кабыл алгандыгыбызга ынанып турабыз. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө атамекендик кайра иштетүү өнөр жайынын ишканаларынын рентабелдүүлүгү 16% дан 21%га дейре көрсөткүчтү түзөт. Республикабыз Евразиялык континенттин чок ортосунда жайгашкандыгын эске алуу менен, биз башка финансылык борборлор менен биргеликте күнү-түнү үч сааттык алкакта трейдинг өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү финансылык борбор катары кызмат кылууга стратегиялык жактан даярбыз», – деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр өлкөнүн келечеги жаштарга камкордук көрүүдөн башталаарын өзгөчө белгиледи.

«Өз мүмкүнчүлүгүбүздү колдон чыгарып албоо үчүн, биз бүгүн санариптик ажырымды кыскартуу үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз. Бүгүнкү күнү биздин Өкмөт санариптик технологиялар үчүн инфраструктураларды түзүүгө киришти. Өлкөбүздүн келечеги эсептөө техникаларын мыкты колдонгон, программалык продуктуларды түзгөн жана байланыш каражаттары менен аппараттык башкарууну киргизип жаткан таланттуу, сабаттуу жаш адистердин колунда турат. Бул аркылуу Кыргыз Республикасында инсан келечекте ээ болушу керек болгон башка баалуулуктар: билим, компетенция, жөндөмдүүлүк жана тажрыйба алдыңкы планга чыгаарын белгилеп кетким келет», - деди Замирбек Аскаров.

Жыйынтыгында Замирбек Аскаров аталган аянттагы сүйлөшүүлөрдө жаратмандык максаттарда атамекендик, ошондой эле эл аралык абройлуу компаниялардын келечектерин жана капиталдаштыруу ыкмаларын аныктоого болоруна ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий