• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аскаров чет өлкөдөн келген жарандар жайгаштырылган №1 интернатка барды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-март күнү өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров чет өлкөдөн келген жарандар жайгаштырылган Бишкек шаарындагы №1 интернатка барып, андагы шарттар менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Интернаттагы шарттарды көргөн министр бир топ кемчиликтер бар экенин белгилеп, аларды тез арада жоюу тапшырмасын берген.

"Кыска убакытта аталган жайдан чогулуп калган таштандылар чыгарылып, муздаткыч, жуунуучу, гигиеналык каражаттар жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 16га (7 эркек, 9 аял) жетти. Баткен облусу – 1, Сузак району – 8, Ноокат району – 5 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий