• 87.86
  • 93.94
  • 1

Аскат Алагөзов "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" жаңы дайындалган вице-президенти менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанга сапар менен келген "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" жаңы дайындалган вице-президенти Никола Карим менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын маалыматына караганда, баарлашуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү актуалдуу маселелер тууралуу сөз болгон. "Тактап айтканда, президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдун турмушундагы маанилүүлүгүн ар дайым белгилеп келерин айттым", - деп жазды ал.

Мындан тышкары, жолугушууда өлкөнүн мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү талкууланган. Окуяларды тең салмактуу чагылдыруу, анын ичинде коомчулук үчүн позитивдүү жаңылыктардын үлүшүн жогорулатуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууга "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысы Хамид Исмаилов, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын Бишкек бюросунун башчысы Бакытбек Асанов да катышты.

Пикир

Оставить комментарий