Аскат Алагөзов "Учкун" басмаканасында паспорт чыгаруу процессин көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. "Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда кетип баратабыз. Байкалбаганы менен башыбыздан тарыхый окуяларды өткөрүүдөбүз", - деп жазды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына.

Ал белгилегендей, буга чейин жеке инсандыкты тастыктай турган жарандык паспорттон тарта маанилүү документтердин баары чет өлкөлөрдөн, болгондо да, ар кайсы документ ар кайсы өлкөлөрдөн басылып чыгып келген. Бул мамлекетке каржылык жактан ири чыгымдарды эле алып келбестен, улуттук коопсуздук маселесине да шек туудуруп келген.

"1-июндан тарта паспорт, ID-карт, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, айдоочулук күбөлүк, дегиле, өлкөбүздүн жарандарына бериле турган мамлекеттик маанидеги документтердин баары өзүбүздөн – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Учкун” басмаканасынан басылып чыга баштады.

Бул да болсо сүйүнө турган жаңылык. Эң башкысы эл-журтубузда ынтымак, биримдик, Ата Мекенибизде тынчтык болсун", - деп жазды Алагөзов.

Пикир

Оставить комментарий