• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Аскат Алагөзов "Тулпар" картасы боюнча иликтөөгө комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. Күн мурун президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бишкектиктерди коомдук транспортто жүрүүдө накталай эмес төлөм жүргүзүүгө чакырган.

Ошол эле күнү "Темиров Live" каналында "Тулпар" картасы боюнча долбоор чет өлкөлүк компанияга таандык экенин айткан иликтөөсүн жарыялады.

Анда айтылган маалыматтар боюнча президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Марал FM радиосуна комментарий берди.

"Болот Темиров мамлекет башчысынын посту чыгаары менен эле жаңы иликтөө деп "чампалап" чыгара коюптур. Эптеп эле президентке чаптаганга аракет кылыптыр. Президент жол киренин көтөрүүнү колдоду дейт. Мамлекет башчысынын постун карасаңыздар ал жакта баалар ошол бойдон калат, болгону накталай эмес төлөмгө өткүлө деп атат", — билдирди Аскат Алагөзов.

Ал ошондой эле ачык маалыматтарда "Тулпар" карточкаларынын маселеси 2019-жылда эле башталганын да айтып өткөн.

"Президент Садыр Жапаровго эч кандай айырмасы жок компаниябы же жеке жакпы, ал турсун башка планетадан болобу, "Тулпар" картасы болобу же каалаган банктын картасы болобу башкысы накталай эмес төлөм жүргүзүү системасы үзгүлтүксүз иштесе болду.

"Темиров Live" боюнча айтсам алар жок нерсени бар дегенге өтүп алышты. Алардын материалдары далилсиз жана курулай дооматтар экени дагы бир ирет айкын болууда. Ал болгону бир тараптуу жана далилсиз айыптоолор менен саясат жасап жатат", — деп кошумчалады президенттин басма сөз катчысы.

Пикир

Оставить комментарий