• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Аскерлер тик учактан бийиктиктен секирип, көндүмдөрүн өркүндөтүшүүдө - Коргоо министрлиги

Коом 0


Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Аскерлер тик учактан ар кандай бийиктиктен секиришип, көндүмдөрүн өркүндөтүшүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин баса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-февралда Коргоо министрлигинин Абадан кол салуудан коргоо (АКК) күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн базасында Куралдуу күчтөрдүн 52806 жана 52870 атайын багыттагы аскер бөлүктөрүнүн жана Абадан кол салуудан коргоонун аба-аскер базасынын учкучтарынан турган өздүк курам Ми-8 МТВ тик учагынан Set-10 жана Т-10 үлгүсүндөгү парашюттар менен ар кандай бийиктиктен секиришти.

Жалпысынан токсондон ашык аскер кызматчысы парашют менен секиришсе, алардын ичинен жыйырмага жакыны биринчи жолу секиришти.

Окуу-машыгуу секирүүлөрдүн максаты - аскер кызматчыларынын аба каражаттары менен десанттык түшүрүү көндүмдөрүн өркүндөтүү.

Эске салсак, окуу-машыгуу секирүүлөргө чейин өздүк курам аба-десанттык даярдык боюнча жыйындардан өтүп, анын жүрүшүндө парашюттун материалдык бөлүгүн, жалпы конструкциясын жана коопсуздук чараларын өздөштүрүү боюнча окуу милдеттери иштелип чыккан. Теориялык жана практикалык зачетторду тапшыргандан кийин аскер кызматчылары жыйындардын аяктоочу этабына - парашют менен секирүүгө уруксат алышкан.

Пикир

Оставить комментарий