• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Asman Airlines`тын учагы Бишкек – Талас багытында биринчи техникалык каттамды аткарды

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек – Талас багытында биринчи техникалык каттамды ийгиликтүү аткарды.

“Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттам жүргүнчүлөр үчүн даярдоо программасынын алкагында уюштурулду. Учактын техникалык персоналы жана экипажы учуудан баштап конууга чейинки каттамдардын бардык тепкичтерин кылдаттык менен иштеп чыгышып, коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана коммерциялык эксплуатацияга даярдыгын ырасташты.

Атамекендик авиакомпаниянын түптөлүшү Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагындагы маанилүү демилге экени белгиленип келет. Өлкөнүн шаарларынын ортосунда жаңы каттамдардын ачылышы аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга гана жардам бербестен, ички туризмди жана экономиканы чыңдоого өбөлгө түзөт.

Белгиленгендей, жакынкы арада Asman Airlines авиакомпаниясы ички каттамдарды гана аткарбастан, коңшу өлкөлөргө да үзгүлтүксүз каттамдарды ишке ашырууну максат кылууда.

Пикир

Оставить комментарий