• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Асман экологиялык таза шаарын куруу концепциясы иштелип чыгат. Президент жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров экологиялык таза Асман шаарын курууну ишке ашырууда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыктын башкы милдеттери “Ысык-Көл” биосфералык зонасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо, көлдүн жанаша аймагын натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, Ысык-Көл облусунун туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнү контролдоону камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

“Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн түшүнүп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Ысык-Көл облусунун аймагында Асман экологиялык таза шаарын куруу Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин, башка мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдети деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 1-мартына чейин Асман экологиялык таза шаарын куруу концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин, анын ичинде төмөнкү негизги багыттарды карасын:

– шаарды долбоорлоодо жана курууда айлана-чөйрөнү коргоону илимий жактан камсыздоо, илимий мекемелер тарабынан мамлекеттик заказ боюнча бюджеттик программалар жана гранттар, анын ичинде эл аралык гранттар жана программалар аркылуу айлана-чөйрөнү коргоо жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

– айлана-чөйрө объекттерин (жер, суу, аба, жер казынасы, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү) сактоо жана коргоону камсыз кылуу;

– шаарды долбоорлоодо жана курууда айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгынатерс таасирин төмөндөтүүчү, ошол эле учурда жөө адамдардын жана велосипед жолдорун кеңири пайдаланууну караган инновациялык технологияларды киргизүү;

– айлана-чөйрөгө жана калкка эң азэкологиялык коркунуч келтирген курулуш материалдарын, продукцияларды, өндүрүштүк жана башка объекттерди артыкчылыктуу пайдалануу;

– имараттарды жана үйлөрдү курууда энергияны үнөмдөөчү чечимдерди, акылдуу үй технологияларын колдонуу;

– айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын, санитардык ченемдердин жана талаптардын сакталышын, шаарды курууда айлана-чөйрөгө экологиялык мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;

– шаардын аймагында айлана-чөйрө объекттерин сарамжалдуу пайдаланууну жана биологиялык ресурстарды кайра өндүрүүнүкамсыз кылуу;

– Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тарабынан белгиленген шаарларды жашылдандыруунун экологиялык нормативин, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде (КЧжЭ) каралган бак-дарактардын композициясынын негизги элементтерин киргизүү менен жалпы аянттын пайыздык катышында шаардын жашылдандырылышын сактоо;

– шаардын экономикасын экологиялаштыруу, жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин киргизүү;

– экологиялык коопсуздукту эске алуу менен калдыктар менен иштөө системасын өркүндөтүү, уулуу химиялык жана радиоактивдүү заттарды экологиялык жактан коопсуз пайдаланууну камсыз кылуу;

– өзүнүн керектөөчүлүк касиеттерин жоготкон жана өзүнүн курамында кооптуу заттарды (сымап термометрлер, батарейкалар, сымап камтылган лампалар жана башкалар)камтыган товарларды чогултуу, пайдалануу жана/же зыянсыздандыруу системасын уюштуруу;

– медициналык калдыктарды чогултуу, зыянсыздандыруу, утилдештирүү жана көмүү системасын уюштуруу;

– электр транспортун өнүктүрүү, заряддоо инфраструктурасын түзүү, шаарда көмүр суутектүү (бензин, дизелдик отун, газ) транспортту пайдаланууга тыюу салуу жана электр транспортун гана (электромобилдер, электробустар жана электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келүүчү транспорттун башка түрлөрү) пайдалануу;

– шаардын калкынын мобилдүүлүгүн камсыз кылуу каражаты катары велосипеддерди активдүү пайдалануу үчүн зарыл шарттарды түзүү;

– экологиялык маданиятты калыптандыруу, жарандык коомдун институттарын тартуу менен калкка үзгүлтүксүз экологиялык билим берүүнүн комплекстүү системасын түзүү, калктын айлана-чөйрө маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга катышуусу;

– эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаарды курууда айлана-чөйрөнү коргоого жана жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга кошумча тышкы инвестицияларды тартуу.

3. Асман экологиялык таза шаарын куруу концепциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан үч жылдык мөөнөткө өзүнчө бекитилген “жолкарталарынын” негизинде шаарды куруунун жетишилген жыйынтыктарына жараша этап-этабы менен ишке ашырылат деп белгиленсин.

Пикир

Оставить комментарий