• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Асман резиденс". Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулушуна капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында жаңы "Асман резиденс №1 Ош" турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, ага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК төрагасы Темиркул Балтабаев, муниципалдык ипотекалык ишканасынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.

Жалпы аянты 1,3 гектарды ээлеген жерге 12 кабаттан турган 8 үй курулат. Батирлердин жалпы саны 528. Курулуш мөөнөтү – 1,5 жыл.

Турак жай комплексинде долбоорго ылайык, спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу, коомдук тамактануучу жайлары жана соода дүкөндөрү болот.

Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер турак жай программасынын катышуучуларына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында электрондук кезекте тургандарга кезек менен 4 жана 8 пайыздан жарандарга 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Эске сала кетсек, учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат. "Менин үйүм 2021-2026" турак жай програмамсынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат. Жогоруда аталган турак жай программанын алкагында 29 миңден ашуун батирдин курулушу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий