“Асман” шаарын куруу долбооруна катышууга дагы бир чет элдик компания кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар эл аралык компаниялардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

Аталган агенттиктен билдиришкендей, Cargill group компаниясынын Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия боюнча инвестицияны башкаруу боюнча директору Иван Хлопов менен жолугушууда аталган компания Кыргызстандын рыногуна чыгууга жана айыл чарба инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга жогорку кызыгуусун билдирди.

Маалымат үчүн: Cargill АКШдагы 120 миллиард доллардан ашык сатуусу менен эң ири жеке компания болуп саналат жана мал чарба фермерлерин тоют менен камсыз кылуудан баштап, өндүрүүчүлөргө ингредиенттерди сатууга чейин азык-түлүк чынжырынын дээрлик бардык бөлүктөрүнө катышат.

Мындан тышкары, Улуттук агенттиктин директору TCN Technology компаниясынын жетекчилиги менен Кыргызстандын девелопердик секторун өнүктүрүү боюнча жолугушуу өткөрдү. Анда компания Дубай шаарында жалпы суммасы 60 миллион долларына 40 гектар аянтка “Акылдуу шаар” курулуш долбоорун ишке ашыруу тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Улуттук агенттиктин директору Темиралиев экологиялык таза “Асман” шаарын куруу долбоорун белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында компания Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаарын куруу долбооруна катышууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле Улуттук агенттиктин директору Швециянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө Швециянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык климаты, чет элдик инвесторлор үчүн болгон преференциялар жана либералдык мыйзамдык база менен кенен таанышышты.

Өз кезегинде Швециянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандан логистикалык компания сатып алуу аркылуу ЕАЭБ рыногуна чыгууга кызыкдар экенин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий