Асрандиев: Аймактарга негизги азык-түлүк запастарын жеткирүүнү күчөтүп жатабыз

Экономика 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Аймактарга негизги азык-түлүк запастарын жеткирүүнү күчөтүп жатабыз, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев өкмөттө өткөн брифингдин жүрүшүндө.

Анын айтуусуна караганда, 4-мартта азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасы боюнча чеги аныкталган. Анын арасына ун, май, сүт, эт, кумшекер, күрүч жана башкалар кирет.

"Ошол күндөн баштап аталган позициялар боюнча күн сайын баалары, көлөмдөрү жана алып келүүнү көзөмөлгө алганбыз. Негизги азык-түлүктөр боюнча өндүрүүчүлөр жана өлкөгө алып келген импортчулар менен тиешелүү жумуштарды жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле соода тармактары боюнча да иштерди жүргүзүүдөбүз", - дейт ал.

Асрандиев кошумчалагандай, Мамлекеттик материалдык резерв тарабынан кошумча буудай сатып алуу боюнча келишимдер түзүлүүдө.

"Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 631 млн сом бөлүндү. Соода тармактары жана кампа ээлери менен сүйлөшүп, аймактарга негизги азык-түлүк запастарын жеткирүүнү күчөтүп жатабыз", - деп билдирди вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий