• 87
  • 90.55
  • 0.84

Астанада Эл аралык тоолор күнүн майрамдоого арналган иш-чара өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Астанада Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан Эл аралык тоолор күнүнө арналган "Эл аралык тоо күн тартибиндеги Кыргызстандын ролу" темасындагы иш-чара өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара дипломатиялык корпустун, административдик башкаруунун, казакстандык бизнес-коомчулугунун, коомдук уюмдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүн бириктирген Астана дипломатиялык клубунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Өз сөзүндө элчи Дастан Дюшекеев Кыргызстандын узак мөөнөттүү өнүктүрүү максаттарына жетүү, кыргыз-казак, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы стратегиялык өнөктөштүгүн кеңейтүү маселелерине токтолду. Ал кыргыз-казак мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча тараптардын аракеттерин улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, суу, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу жана жалпысынан Борбор Азиянын тоолуу аймактарынын экосистемасына терс таасирин тийгизүү аракеттерин алдын алууга көңүл бурду.

Элчи ошондой эле Кыргызстандын негизги демилгелерин, анын ичинде тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган "Тоо беш жылдыгы 2023-2027" демилгелерин баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында республиканын тоо күн тартибин алга жылдыруудагы жетишкендиктери жөнүндө видеоролик көрсөтүлүп, Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу материалдар сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий