• 87
  • 90.63
  • 0.79

Астанада жаңы жылдык жасалгалоого акимчилик 697 млн теңге сарптайт

Коом 0

Бишкек, 02.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Астанада жаңы жылдык жасалгалоого акимчилик 697 млн теңге сарптайт. Бул тууралуу “Казтаг” маалымат агенттиги жазды.

“Райондук акимчиликтер тарабынан жаңы жылдык жасалгалоого 696,7 млн теңге бөлүнөт”,-деп айтылат маалыматта.

Каражат райондорго төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:

- “Нура” районуна 79 миллион берилип, кышкы оюн-зооктор Борбордук сейил багында, “Зеленый квартал” турак жай комплексинин жанында, “Үркер” жаңы конушунда, “Азия Парк” соода борборунда жана “Астана Арена” стадионунун аймагында уюштурулат;

- Алматы жана Сарайшык районуна 165 миллион бөлүнүп, жашоочуларды кызыктырган негизги жерлеринде муз аянтчалары орнотулат;

- Байконыр районуна 158,8 миллион бөлүнүп, жаңы жылдык инсталляциялар жана эс алуу жайлары менен майрамдык маанай тартуулоо пландалууда. Негизги оюн-зоок жайларына, көчөлөргө жана көпүрөлөргө жарык гирляндаларды орнотуу пландаштырылууда;

- “Есил” районуна 183,9 миллон теңге берилип, негизги жайлар майрамдык чырактар менен кооздолот. Бак-дарактар жарык гирляндалар жана башка майрамдык элементтер менен кооздолот;

- Сарыарка районуна 110 миллион берилип, муз тебүүчү аянтча, балаты жана жаңы жылдык фото зоналар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий