• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Астанада ЖККУ ЖККнын кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда, Астана шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;

- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун алкагында союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо жөнүндө” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;

- 2015-жылдын 15-сентябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияларды ташуу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;

- 2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүмдөрүнүн статусу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколу;

- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү;

- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттер аралык максаттуу программасы тууралуу” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;

- “Жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдү жабдууга сунушталган курал-жарактардын, аскердик жана атайын техниканын типтүү заманбап жана келечектүү үлгүлөрүнүн тизмеси жөнүндө” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;

- “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;

- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун органдарынын жол-жоболорунун эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;

- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;

- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;

- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;

- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун 2025-жылга бюджети жөнүндө” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;

- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүү убактысы жана орду, уюмда төрагалык кылуу жөнүндө” Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Протоколдук чечими.

Пикир

Оставить комментарий