Акыркы мезгилде дүйнө тынч болбой жатат. Тынчтыктын глобалдык индекси - 2018 (GPI) булл фактыны тастыктайт.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык – акыркы он жылда дүйнөдө чыр-чатактардын деңгээли кескин өскөн. Мындан тышкары, дин фактору менен шартталган конфликттердин көбөйүшү бүгүнкү күндөгү кырдаалдын өзгөчөлүгү катары белгиленүүдө. Мындай шартта жалпы эл аралык коомчулуктун күч-аракеттери менен өз ара диалогго чакыруу жана бир пикирге келишүү жолун издөө өзгөчө мааниге ээ болуп калды.
Мындай ойлор ушул жылдын октябрь айында Казаrстан Республикасынын борбору Астанада өтө турган Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VI съездинин алдында айтылды. Съездин темасы – «Дин лидерлери коопсуз дүйнө үчүн» деп аталат.
Азыркы күнгө чейин саясатчылар, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер–дүйнөдөгү бардык диндер тынчтык менен адилеттүүлүккө умтулса да зомбулук жана жек көрүүчүлүк эмне үчүн көбүнчө динди жамынуу менен ишке ашырылат?, - деген суроого жооп издеп келишет.
Бирок бул суроого бирдиктүү жооптун жоктугу анык, эгерде болсо анны жүзөгө ашыруу үчүн бүткүл эл аралык коомчулуктун аракети талап кылынат.
Бүгүнкү күнү Астанада өткөрүлүп келген Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съезди – булл диний ишмерлерди, саясатчыларды, окумуштуулар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн дин жана саясатка таандык бир кыйла актуалдуу маселелерди талкуулоо жана ар кыл аспектилер боюнча жалпы багыттарды издөө үчүн баш коштурган дүйнөдөгү эң ири диалог аянтчасы болуп саналат.
Алгачкы жолу дүйнөлүк диний лидерлер Казакстан борборуна мындан туура 15 жыл мурда – 2003-жылы келишкен. Анда дүйнөнүн көптөгөн саясатчылары, анын ичинде, Владимир Путин, кенже Джордж Буш, Цзян Цзэминь, Кофи Аннан жана Маргарет Тэтчер Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин дин боюнча бүткүл дүйнөлүк диалог өткөрүү демилгесин колдоого алышкан.
Кийинки жолугушуулар мезгил-мезгили менен үч жылда бир - 2006, 2009, 2012 жана 2015-жылдары өткөрүлдү жана ар бир жолугушуу жыйынтыктоочу Декларцияларга кол коюу менен коштолду. Ал документтерде делегаттар тынчтыкты камсыздоо жана коргоо боюнча өздөрүнүн биргелешкен иш-аракеттери жөнүндө билдиришкен, ошондой эле, дүйнөлүк коомчулукка чакыруу менен чыгышкан. Өткөн съезддердин бардык жыйынтыктоочу материалдары коомчулукка ачык жана жеткиликтүү турат.
Өткөрүлө баштаган жылдардан бери аталган съезддердин ишине Казакстанда жана дүйнөдө дагы эч кандай күмөнсаноо болгон жок. Анткени астаналык диалог форматы өзгөчө, ал эми максаттары жакшы ниетти гана көздөйт.
Астана кабыл алган делегациялардын саны тынымсыз өсүп келет жана дүйнөнүн 40тан ашык мамлекетинен келген өкүлчүлүктөрдүн саны 90дон ашты. Айта кетсек, 2015-жылы Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин V Съездине Иордания королу Абдалла II, Финляндия мамлекет башчысы Саули Ниинисте, ИСЕСКО уюмунун башкы директору Абулазиз Осмаат-Туэйджри, ошондой эле, БУУнун ошол кездеги баш катчысы Пан Ги Мун, ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Заньер жана ОИС башкы директору Ияд Амин Мадани ардактуу конокто болушкан. Алар өз сөздөрүндө глобалдык тынчтыкка жана эл аралык туруктуулукка коркунуч өсүп жаткан азыркыдай шартта диний диалогду чыңдоонун зарылдыгын жана өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешкен.
Дүйнөлүк диний коомчулукту өз жеринде диалогго чакыруу менен Астана чечкиндүү аракеттерге даяр экени шексиз. Атап айтканда, атайын съезддерди уюштуруу үчүн Тынчтык жана ынтымак сарайы тургузулган (2006) – ал имарат жалпы биримдикти билдирген Пирамида түрүндө курулган.
Ошондой эле, 2017-жылы маданият жана дин жаатындагы диалогду өнүктүрүү максатындагы материалдарды чогултуу жана илимий изидөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Тынчтык жана ынтымак музейи ачылган. Ошол эле жылы дин аралык диалогго салым кошкону үчүн Астана эл аралык атайын сыйлыгы жана Съездин ардактуу медалы уюштурулду, бул сыйлыктар быйыл биринчи жолу тапшырылат.
Мындай жогорку, жалпы адамзаттык мааниге ээ иш-чараны өткөрүүгө Казакстанда толук негиз бар деп эсептөөгө болот. Анткени Борбордук Азиядагы булл мамлекет дүйнөлүк эң ири ислам, христиан жана буддизм диндеринин табигый географиялык борбору болуп саналат.
Белгилей кетсек, Казакстан полиэтникалык жана поликонфессиялык мамлекет болуп эсептелет, ошол эле учурда тынчтыктын глобалдык индексинде жогорку позицияларда турат. Бүгүнкү күнү 130 ашык этнос өкүлдөрү бул мамлекеттин жарандары болуп саналат, ал эми 18 түрдүү конфессиянын өкүлдөрү түзгөн диний бирикмелердин саны 3 600 уюмдан ашты. Көз карандысыздыкка ээ болгон күндөн тарта бул мамлекет өлкөнүн ички мамилелерин шайкештикке жеткирүүгө жана өркүндөтүүгө умтулуп келет, ошондой эле, дүйнөлүк коомчулукту дагы ушуга чакырууда.
Бул дүйнө боюнча колдоого алынган Казахстандын тынчтыкты сүйгөн биринчи эле демилгеси эместигин белгилей кетүү маанилүү. Казахстан тынчтык жана ынтымак, туруктуулук жана коопсуздук идеяларын жигердүү түрдө жүзөгө ашырууда. 26 жыл аралыгында Республика жалпы адамзаттык маанидеги окуялар камтылган тынчтыкты жактоо демилгелерин көтөрүп келет.
Атап айтсак, бул өзөктүк куралдан ыктыярдуу баш тартуу жана сыноо полигонун жабуу (1991); Өзөктүк куралдан эркин дүйнө куруу жөнүндөгү БУУнун жалпы декларациясын демилгелөө жана авторлош болуу (2015); «Тынчтык. XXI кылым» Манифестин жарыялоо (2016); Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдү уюштуруу («Астана процесси», 2017) жана башка көп демилгелер. Чындыгында Астана өзүнүн демилгелери бүткүл дүйнө үчүн кеңири жайылган аракеттеги келечектүү механизмдерге айланып бара жатканын көрсөтө алды.
Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VI съезди темасына кайра кайрылуу менен ал кандай мааниге ээ жана эмне зарылдыгы бар деген суроо жаралат.
Аталган аянтча башка механизмдер менен бирдикте бүгүнкү дүйнөнүн коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзөт деген алдыңкы үмүттөр бар. Анткени азыркы коомдогу диндин ролун ашыра айтууга болбойт жана анын тынчтык орнотуу жаатындагы чексиз зор дарамети дээрлик иштебей турат.
Ошол себептүү диндер аралык байланыштын маанилүүлүгү анын мүмкүнчүлүгүн чыр-чатактарды чыгарууга жана каршылашууну күчөтүү нугуна багыттабастан, жалпы дүйнөдөгү жана айрым аймактарындагы коопсуздуктун жогорулашын шарттаган конструктивдүү диалог мүнөзүнө өткөрүүдө турат.
Бүгүнкү күнү диндердин өз ара аракеттенүүсү жана коомдук жараяндардагы мааниси жөнүндө гана эмес, ошондой эле, диний жана динден тышкары коомдун глобалдык диалогу, дин менен саясаттын диалогу тууралуу сөз болуп жатат
Астана сунуштаган диндер аралык диалог форматы өзүнө дискуссиялар, сүйлөшүүлөр жана кеңешмелерден тартып, макулдашууларды түзүүгө чейинки жана белгилүү бир маселелер боюнча аракеттерди биргелешип координациялоо сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн ар түрдүү жолдорун камтыйт.
Ошол эле учурда, диалог – булл дайыма эле тил табышуу эместигин, бирок дайыма бир пикирге келүүгө жол издөө экендигин түшүнүү маанилүү. Андыктан Астанадагы дүйнөлүк диний лидерлердин бул съезди бир жолку иш-чара эместиги, ал туруктуу негизде иш жүргүзүлө турган процесс экендиги шексиз.
Диалог тараптарга «душман элесин» жоюуга, бири биринин илгери үмүттөрүнө жана аракеттерине ишеним менен кароого шарт
түзөт, демек бул диндер аралык жана этнос аралык мамилелерди шайкештикке багыттайт, ошондой эле, жыйынтыгында саясий карама-каршылыкты жөнгө салууга өбөлгө болот.
Ошентип астаналык аянтча салттуу же коомдук дипломатия алкагынан тышкары турат деп айтууга болот. Казакстандын Президенти Н.Назарбаев мурда болуп өткөн V-Съездинде чыгып сүйлөгөн сөзүндө, бул аянтча «глобалдык «диний дипломатиянын» эң маанилүү элементи» болуп калганына токтолгон. Так ушундай пикирди башка дүйнөлүк лидерлер дагы карманышат.
Атайын "Кабар" үчүн Шавкат Исмаилов, "Кыргызстан — Астана" коомдук этномаданий бирикмесинин төрагасы
Пикир
Оставить комментарий