АСУлардан добуштардын саны келип түшүүдө – БШК

Коом 0

Бишкек, 30.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Саат 20:00дө Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл бир мандаттуу округдарында шайлоо тилкелери жабылды. Учурда добуштар эсептелүүдө.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала маалыматтар келип түшүүдө.

Жалпысынан АЭУ саны 175и түзөт. Алардын 170инен ушу тапта маалыматтар келди.

Үч округда шайлоочулардын саны 311 миң 363 деп киргизилген. Анын ичинен 63 миң 842 шайлоочу добуш берди. Маалыматтар улам толукталууда.

Пикир

Оставить комментарий