• 87.7
  • 95.05
  • 0.99

Аптаптуу ысыкта эмне кылуу керек?

Коом 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы аптаптуу ысыкта эмне кылуу керек экендиги тууралуу бир катар кеңештерди берди.

  • Мүмкүн болсо, күндүн эң ысык маалында күн нурунан алыс болуп, көлөкөдө болууга аракет кылыңыздар.
  • Ысыктан сактануу үчүн баш кийим жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиздер. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келиши мүмкүн.
  • Суюктукту көбүрөөк ичиңиздер: газсыз минералдык суу, лимон кошулган суу, муздак көк же кызыл чай. Газдалган жана алкоголдук ичимдиктерден алыс болуңуздар.
  • Суунун ашыкча муздак болбошуна көңүл буруңуздар, анткени ысыкта иммунитет төмөндөгөндүктөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт.
  • Сууга түшүү денени муздатуунун жакшы жолу. Сууга түшүү эрежелерин сактоо жана спирт ичимдиктерин ичпеш керек.
  • Сунуш кылынбаган, тыюу салынган сууларда сүзүүгө болбойт.

Көбүнчө ысыкта тобокелге кабылган улгайган адамдар чоң коркунучка кабылышат. Алардын арасында кант диабети, артериялык гипертензия, кандагы холестериндин деңгээли жогору жана жүрөк-кан тамыр ооруларына тукум куума ыкташы бар, ашыкча салмак менен ооруган бейтаптар кирет.

Оорунун курчушуна жол бербөө үчүн төмөнкү эрежелерди аткаруу зарыл:

  • текшерүүдөн өтүүгө, дарыгертарабынан белгилеген дары-дармектерди өз убагында алууга;
  • кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөө;
  • эгерде сиз ооруп жатсаңыз, ысык аба ырайында оор физикалык жумуштан алыс болуңуз;
  • ден соолуктун начарланышынын белгилери байкалса, көлөкөгө барып, физикалык көнүгүүлөрдү токтотуп, медициналык мекемеге кайрылуу керек;
  • демейде ичип жүргөн дарылардан ысыкта баш тартпаңыздар, аларды дайыма жаныңыздарда алып жүрүңүздөр.

“Сууда сүзгөндө жана сыртта жүргөндө күндөн коргоочу кремдерди колдонуңуздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий