• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын тандоо жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 18-июнда “Кумтөр” боюнча мурдагы спикер, депутат Асылбек Жээнбековдун иши каралмак.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбековдун баш коргоо чарасын тандоо 23-июнга жылдырылды.

Эскерте кетсек, Асылбек Жээнбеков 31-майда Биринчи май райондук соттун чечими менен эки айга камалган.

Белгилей кетсек, буга чейин “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактыларга шектелип Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаевдер кармалган.

2021-жылы 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун карап, министрлер кабинетине кенди пайдалануу чөйрөсундө Centerra Gold Inc. компаниясынын жоопкерчиликсиз аракетине байланыштуу «Кумтор Голд Компани» компаниясына тыштан башкаруу киргизүүнү, андан тышкары убактылуу тыштан башкаруучу дайындоону сунуштаган.

Ошондой эле, "Кумтөр голд компани" компаниясы жумушчулардын иш графигин, карьердин капталдарын көзөмөлдөө жана сканерлөө тутумун өчүрүп салганы маалым болгон.

Жыйындын жүрүшүндө УКМК башчысы Камчыбек Ташиев “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин “Убактылуу тыштан башкаруу дайындоонун тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна кол коюп, "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий