Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо үчүн 22,4 млн швейцария франкы өздөштүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Кыргызстан менен SECO (Швейцария) ортосундагы "Ат Башы ГЭСин реконструкциялоо" долбоору боюнча макулдашуунун алкагында 24,7 млн швейцариялык франк суммасында гранттык каражат каралган.

КР Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылы "Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо"долбоорун ишке ашыруу аяктап, аталган долбоордун алкагында 22,4 млн швейцариялык франк өздөштүрүлгөн.

"Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, электр станциясынын техникалык жоготуулары азайды. ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 14% га чейин жогорулатылган. Станциянын коопсуздугу бекемделип, иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий