• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ат-Башы районунда унаадан жубайлардын сөөгү табылды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Нарындын Ат-Башы районунда унаанын ичинен жубайлардын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда Ат-Башы райондук милициясына Баш-Кайыңды айылында гараждагы Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен 38 жаштагы Д.С. жана 39 жаштагы М.Г. аттуу жарандар белгисиз себептерден каза болуп калгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жана Ат-Башы райондук милициясынын башчысы Болот Арзыгулов барган.

“Үйдүн түштүк тарабында өңү көк-сары менен сырдалган, атайын автоунаа токтотуучу жайдын ичинде өңү күмүш түстөгү Honda Odyssey унаасынын ичинен сөөктөр табылган. Алар 38 жаштагы Д.С. жана 39 жаштагы М.Г. (аял-күйөөсү) экени аныкталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, адамдар сууктан улам тоңуп калгандыгы, бирок эч кандай күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилер байкалган эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тиешелүү эспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, автоунаанын газына ууланып каза болгондору божолмолдонуп жатат.

Кошумча маалымат болсо билдиребиз.

Пикир

Оставить комментарий