• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Ат-Башы районундагы Кында ашуусу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 08.11.24. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кында ашуусу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ашуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун 65-73-чакырымында жайгашкан жана 2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 2025-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, мындай чечим Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин 2024-жылдын 6-ноябрындагы буйругунун негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий