• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ат-Башы районунун ички жолдоруна асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда Капиталдык салымдардын каражатынан ички көчөлөрүндө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, план боюнча төмөнкү көчөлөргө асфальт төшөлөт:

- Т. Өмүрзаков - 440 м;
- М. Салымбеков - 100 м;
- Т. Жумабеков - 225 м;
- Чеч Дөбө - 839 м;
- Айылчиев - 325 м;
- М.Өмүракунов - 1,327 км.

Белгиленгендей, иштер "Кыргызавтожол" ишканасынын Нарын филиалынын 957 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий