• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ат-Башы районунун жашоочусунан 8 кг ашык баңгизат алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Ат-Башы районунун тургунунан 8 кг ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-октябрга караган түнү милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда VOLVO-FH үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны текшерүү учурда бир кап өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү зат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат жалпы салмагы 8 кг 580 гаммм марихуана баңгизаты болуп чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ат-Башы районунун тургуну 1977-жылы туулган И.У. аттуу жаран баңгизатты Жети-Өгүз районунан өзү колдонуу максатында Ат-Башы районуна алып келе жатканы аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүү И.У. соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий