• 87
  • 90.43
  • 0.88

Ат-Башы жана Кочкор райондорунда милициянын аймактык бөлүмчөлөрү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Күн мурун Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Башкайыңды жана Кочкор районундагы Чолпон айылдарында жаңы милициянын аймактык бөлүмчөлөрү ачылды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ачылыш аземине министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышты.

Бул бөлүмчөлөр заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатын көздөйт. Жаңы имараттарда кызматкерлер үчүн кеңсе бөлмөлөрү, жыйындар залы, эс алуу бөлмөлөрү жана башка зарыл шарттар түзүлгөн.

Адылбек Бийбосунов жаңы бөлүмчөлөрдүн ишмердүүлүгү жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойной турганын белгилеп, кызматкерлерди жоопкерчиликтүү жана ак ниеттүү иштөөгө чакырды.

Жергиликтүү тургундар милициянын аймактык бөлүмчөлөрүнүн ачылышын кубануу менен кабыл алышып, бул кадам коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулуктун алдын алууда чоң жардам болорун айтышты.

Пикир

Оставить комментарий