• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ат-Башыда мурдагы чиновник токой чарбасынын жерине эс алуучу жай куруп алган

Укук тартиби 0


Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Ат-Башыда мурдагы чиновник токой чарбасынын жерине эс алуучу жай куруп алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, жер тилкелерин пайдалануу укугун алуунун мыйзамдуулугун текшерүүнүн жүрүшүндө УКМК Жер жана суу көзөмөлдөө кызматы менен биргеликте токой фондусунун аймагындагы жер тилкесин өз алдынча ээлеп алуу, ошондой эле туризм тармагында коммерциялык максаттар үчүн имараттарды жана курулуштарды уруксатсыз куруу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, A.И.A. аттуу жаран 2005-2007-жылдары Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп иштеп туруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы "Чар" токой чарбасынан 160,9 гектар жерди бекер пайдаланууга алган. Ал 2007-жылдан ушул убакка чейин аталган жер тилкелерин пайдаланганы үчүн бюджетке эч кандай милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес.

Мындан тышкары, мейманкана, ресторан, мончо жана башка имараттар максаттуу багытын өзгөртпөстөн жана уруксат документтери жок тургузулуп, туризм тармагында коммерциялык максатта колдонулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.И.А. кармалып, тергөө абагына камакка алынды.

Колдо болгон архивдик маалыматтарга караганда, 2005-2007-жылдары облустук администрациянын башчысынын биринчи орун басары – Нарын облусунун губернатору болуп Абдыгазиев Исабек иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий