• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ат-Башыда эл аралык соода-логистикалык борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Бүгүн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Нарын облусунда 10 объект ачылды.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын ичинен бешөө социалдык обьект, бешөө өндүрүш ишканасы болуп саналат.

Алардын бири Ат-Башы районундагы эл аралык соода-логистикалык борбору. Борбордун ачылышына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Ат-Башы районунун акими Эмил Абдыкадыров, Ат-Башы эл аралык соода-логистикалык борборунун негиздөөчүсү Эмил Өмүракунов, аталган логистикалык борбордун башкы директору Эсенбек Өмүргазиев жана райондун тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий