• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ат-Башыда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тапа Керимбаев каза болду

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Ат-Башы районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 98 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Тапа Керимкулов Кыргызстандын, Нарын облусунун жана Ат-Башы районунун “Ардактуу атуулу" болуп саналат.

Тапа Керимкулов 1926-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 1941-жылы 17 жаш курагында, 9-классты окуп жаткан учурда Улуу Ата Мекендик согушка кетип, Ата Мекенине 23 жашында кайтып келген.

Ардагер алгач Алма-Атага барып, 2 ай аскердик даярдыктан өткөндөн кийин согуш майданына жөнөтүлгөн. Одер дарыясынын жээгиндеги согушта болуп, Смоленск менен Варшаваны бошотууга катышып, Берлинге чейин барган. 21 даана медаль менен, анын ичинде "Берлинди алганы үчүн" аталышындагы сыйлык менен сыйланган.

Беш жылга созулган кандуу согуш аяктагандан кийин армиянын катарындагы жашы улуулары мекенди көздөй кайтышкан, ал эми жаштарды аскерге алып калышкан. Анын катарында Тапа Керимкулов да болгон. Ал 1950-жылы 14-апрелде туулуп-өскөн Ат-Башы жергесине келген.

Тапа Керимкулов мекенди гана коргобостон согуштан кийин эл чарбасын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө активдүү салымын кошкон инсандардын бири эле.

Согуштан кийин Тапа Керимкулов 12 жыл милиция тармагында кызмат өтөгөн. Андан кийин 25 жыл бою энергетика тармагында иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Мыкты кызматкер катары Ат-Башы райондук электр тармактарынын ардак китебине кирген жана бул тармактын “Ардак ордени” тапшырылган.

Тапа Керимкуловго Кыргыз Республикасынын, Нарын облусунун, Ат-Башы районунун “Ардактуу атуулу" наамдары, "Кара-Суу айылынын ардактуу аксакалы" сыйлыгы ыйгарылган.

Согуш ардагери эки ирет Жеңиш күнүн Москва шаарында атайын чакыруу менен барып тоскон.

Тапа Керимкулов үй-бүлөсүндө камкор ата, күйүмдүү жар болуп, байбичеси экөө 12 балага, 41 небереге, 40тан ашык чөбөрөгө мээримин төгүп, татыктуу билим-тарбия беришкен.

Ал мекенчил жоокер, эмгекчил, адамкерчилиги бийик инсан катары эли-журтунун эсинде калды.

Пикир

Оставить комментарий