• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ат-Башыдагы Ача-Кайыңды-Май-Босого унаа жолу асфальтталат

Аймак 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Ат-Башыдагы Ача-Кайыңды - Май-Босого унаа жолу асфальтталат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол оңдоо иштери №20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жасалат. Учурда Ача-Кайыңды - Май-Босого унаа жолунун 14-16 чакырым аралыгынын 2 чакырымына асфальт төшөө үчүн жер жумуштары жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө жолдун 1200 метри даярдалды. Ушул эле жолдун 43-45 чакырым аралыгында суу өтүүчү түтүкчөлөрүн орнотуу иштери жасалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий