• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ата мекендик авиакомпаниянын Бишкек — Дели багыты боюнча алгачкы рейси учуп келди

Коом 0

Бишкк, 22.11.21. /Кабар/. Ата мекендик жаңы «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Бишкек — Дели багыты боюнча алгачкы рейси учуп келди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чартердик каттам 2021-жылдын 19-ноябрында Airbus А320 аба кемесинде ишке ашырылды.

Авиакомпания Бишкек– Дели– Бишкек маршруту боюнча каттамдарды ар жума сайын ишке ашырууну пландоодо.

Белгилей кетсек, тийиштүү иштердин жыйынтыгында 2021-жылдын 5-ноябрында «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКсы КРнын Жарандык авиация департаментинен эксплуатантынын сертификатына (АОС) №57 ээ болгон.

«Эл аралык жарандык авиация уюму жөнүндө» 1944-жылдагы Чикаго Конвенциясынын №6 тиркемесинин жоболоруна ылайык, «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Кыргыз Республикасынан/Кыргыз Республикасына туруктуу жана чартердик каттамдар менен жүргүнчүлөрдү ташууга укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий