• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Атаандаштык жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-июнунда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле анын ченемдерин Евразия экономикалык бирлигинин «Атаандаштык жөнүндө» Моделдик мыйзамына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий